«Жардам берүү оңой» кайрымдуулук фонду онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарды дарылоого финансылык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны көбөйгөнүн кабарлады.
Июль айында гана фондго 13 үй-бүлө кайрылган. Ата-энелер дарыланууну төлөөгө, дары-дармектерди сатып алууга, текшерүүлөрдөн өтүүгө жана башка медициналык чыгымдарды жабууга жардам сурашууда.
Фонддон билдиришкендей, учурда колдо бар каражат бардык балдарга жардам көрсөтүүгө жетишсиз. Ошондуктан уюм ЖМКларга, бизнес өкүлдөрүнө жана кайдыгер эмес жарандарга кайрылып, каражат чогултууну колдоп, маалыматты жайылтууну суранды.
«Биз ар бир бала чакага жардам бергибиз келет, бирок азыр өзүбүз жардам суроого аргасызбыз», — деп билдиришти «Жардам берүү оңой» кайрымдуулук фондунан.
«Жардам берүү оңой» фонду онкологиялык оорусу бар балдарга жардам көрсөтүп келе жатканына 12 жыл болду.
Фото «Жардам берүү оңой» фонду. Онкологиялык оорусу бар балдарга колдоо көрсөтүүнү сурайт
Чогултууну төмөнкү реквизиттер боюнча колдоого болот:
Кичинекей болсо да кайрымдуулук жасоо баланы өз убагында дарылоо үчүн зарыл болгон сумманы чогултууга жардам бериши мүмкүн экенин фонддон баса белгилешет.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий