- В 2026 году ВОЗ зафиксировала 914 нападений на медицинские учреждения и работников.
- В результате нападений погибло не менее 911 человек, 1486 получили ранения.
- С 2018 года зарегистрировано более 10,4 тыс. нападений на объекты здравоохранения, в результате которых погибло около 5,7 тыс. человек и 8,5 тыс. получили ранения.
- Наибольшее число нападений в этом году произошло в Украине, Ливане и на оккупированных палестинских территориях.
- ВОЗ продолжает фиксировать нападения на медицинские объекты в ходе конфликтов на Ближнем Востоке, включая Ливан, Израиль и Иран.
Бул күн сайын төрттөн ашык чабуул жасалып жатканына барабар.
ДСУнун өзгөчө кырдаалдар жана гуманитардык операцияларды башкаруу боюнча директору Алтаф Мусанинин айтымында, 2018-жылдан бери саламаттыкты сактоо объекттерине 10,4 миңден ашык кол салуу даректүү түрдө катталган. Мындай чабуулдардын кесепетинен 5,7 миңге чукул адам каза болуп, дагы 8,5 миңи жаракат алышкан.
Быйыл медицина тармагына жасалган кол салуулардан эң көп Украина, Ливан жана оккупацияланган Палестина аймагы жабыркады. Саламаттыкты сактоо объекттерине чабуулдар ошондой эле Мьянма, Иран, Судан, Конго Демократиялык Республикасы, Түштүк Судан, Россия Федерациясы, Сирия жана Нигерияда катталган. ДСУнун Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Ливан, Израиль жана Ирандагы жаңжал учурунда саламаттыкты сактоо объекттерине жасалган чабуулдарды каттоону улантууда.
ДСУдан белгилешкендей, ооруканага чабуул жасалганда, анын кесепетин анын ичиндеги адамдар гана сезбейт. Бул чабуулдан кийинки күндөрү бейтаптар зарыл болгон кызматтарды ала албай каларын, медиктер жумушсуз каларын жана өмүр үчүн маанилүү дары-дармектерди жеткирүү токтоорун билдирет.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий