Милициянын маалыматы боюнча, жумуштар гунндардын сөөгү коюлган тарыхый-археологиялык эстеликтер жайгашкан Самаркандек айыл аймагында жүргүзүлүүдө.
Самаркандек милиция бөлүмүнүн кызматкерлери археологиялык экспедициянын катышуучулары менен профилактикалык аңгемелешүү өткөрүштү. Аларга бири-биринин укуктарын сактоо, укук бузууларга жол бербөө жана коопсуздук чараларын көрүү зарылдыгы эскертилди. Тоолуу аймактагы жүрүм-турум эрежелерине жана кооптуу тилкелерге чыкпоо керектигине өзгөчө көңүл бурулду.
Учурда археологиялык топтун курамында 28 адам иштеп жатат. Алардын төртөө — жергиликтүү тургундар, калгандары — Баткен мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин студенттери.
Казуу иштери археолог, тарых илимдеринин кандидаты Хадича Ташбаеванын жетекчилиги астында жүргүзүлүүдө.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий