Маалыматка ылайык, турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки мекемелерде, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-турмуштук, өнөр жай багытындагы имараттарда суу болбойт.
Өчүрүү аймагы: Чүй проспектиси, Фрунзе көчөсү, Тыныстанов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Жибек Жолу проспектисинен Ала-Арча дарыясына чейин, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.
Фото Бишкек мэриясы. Ичүүчү суу өчүрүлө турган аймак
Мэриянын маалыматы боюнча, суу берүүнү токтотуу жылуулук тармактарынын суу түтүгүн жылдырууга байланыштуу.
«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундар менен уюмдардан алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий