Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, аталган милиция бөлүмүнө Үч-Коргон айыл аймагынын жети тургуну кайрылган. Алардын айтымында, июнь айынын аягынан июль айынын ортосуна чейин белгисиз адам үйлөрүнө мыйзамсыз кирип, акчалай каражаттарын жана зер буюмдарын уурдап кетип турган.

Жалпы чыгым 700 миң сомдон ашканы кабарланды. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү Кадамжай районунун аймагынан кармалган. Ал мурда соттолгон Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын тургуну болуп чыкты. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Фото Баткен ОИИБдин. Кадамжай районунда бир катар уурулуктарга шектелип жаткан жаран кармалды

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө уурдалган зер буюмдар табылып, ээлерине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.