Жумуштар аяктагандан кийин төмөнкү көчөлөр жана жол тилкелери баскыч-баскычы менен кыймыл үчүн ачылганы такталды:

Барпы Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки узундугу 510 метр болгон Краснодар көчөсү;

Лущихин көчөсүнүн Шабдан Баатыр (мурдагы Лев Толстой) көчөсүнө туташкан узундугу 600 метр болгон тилкеси;

Өмүр көчөсүнөн Эгиналиев көчөсүнө чейинки узундугу 600 метр болгон Ак-Шоокум көчөсү;

Чыңгыз Айтматов проспектисинен Садырбаев көчөсүнө чейинки узундугу 1 миң 200 метр болгон Семетей көчөсү;

Аалы Токомбаев көчөсүндөгү Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн 12-микрорайондогу «Айша» мечитине чейинки узундугу 3 миң 200 метр болгон жөө адамдар өтүүчү жол (тротуар);

5-микрорайондогу Миррахимов көчөсүнөн № 28, 29, 30 жана 30а үйлөрүн бойлой созулган узундугу 350 метр болгон жол;

Абай көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки узундугу 600 метр болгон Скрябин көчөсү;

Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки узундугу 450 метр болгон тилкеси.

Бардык көчөлөрдө жана жол тилкелеринде тротуарлар курулуп, чектеш аймактар иретке келтирилди.

2026-жылы Бишкекте 136 автомобиль жолун жана тротуарды куруу, реконструкциялоо жана калыбына келтирүү жумуштары башталып, алардын ичинен бүгүнкү күнгө карата 68и аяктады.