Электрондук билет сатып алуу үчүн Улуттук электрондук билет системасынын расмий nebs.gov.kg сайтына кирип, каттоодон өтүү, иш-чараны жана орундукту тандап, андан соң билеттин акысын төлөө зарыл.

Төлөмдү Visa, MasterCard, ЭЛКАРТ банк карталары, ошондой эле ELQR QR-коду аркылуу жүргүзүүгө болот.

27-августтан тарта билеттер офлайн режиминде да сатыла баштайт:

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык комплексинин кассасында;

Чолпон-Ата шаарынын ипподромундагы эки расмий сатуу чекитинде;

Бостери айылындагы «Дордой Номад» амфитеатрынын билет сатуу чекитинде.

Муну менен катар, Кырчын капчыгайындагы иш-чараларга жана Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы музейине кирүү акысыз болот.

Ошондой эле уюштуруучулар электрондук билеттердин ээлерине эскертишет: QR-кодду бөлөк адамдарга берүүгө же социалдык тармактарга жарыялоого болбойт, анткени андан башка адам колдонуп кетиши мүмкүн.