Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгы 20-августта болжол менен саат 22.30да болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Абдрахманов көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, башкарууну жоготуп, тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркабаганы маалымдалды. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.