Маалыматка ылайык, орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерге жетти. Өткөн жылы бул көрсөткүч 24,8 центнерди түзгөн.

Буудай 205,7 миң гектар аянттан жыйналып, 617,5 миң тонна түшүм алынды.

Аймактар арасында Чүй облусу алдыда — 663 миң тонна дан жыйналды. Ош облусунда бул көрсөткүч 204 миң тоннаны түздү.

Мындан тышкары, өлкө боюнча 363,2 миң тонна жашылча, 178,5 миң тонна картошка жана 83,4 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды.

Учурда түшүм жыйноо иштери өлкөнүн бардык аймактарында уланууда.