Бишкекте «Эл аралык Ысык-Көл форуму — 40» өтөт
Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда 18—21-июнь күндөрү «Эл аралык Ысык-Көл форуму — 40» иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда 18—21-июнь күндөрү «Эл аралык Ысык-Көл форуму — 40» иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Борбор калаада 16-июндан тарта Элебесов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет. Мындай чектөө «Дордой» базарынын аймагындагы жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабынын башталышына байланыштуу болууда.
Бишкекте 581 даана жабдууга техникалык тейлөө жүргүзүлүп, тогуздан ашык көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Бишкек шаарында Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөөгө жана «Элдик банктын» жаңы башкы кеңсесинин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
27-31-майда Бишкекте «Оймо-2026» XX эл аралык юбилейлик фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
27-31-майда Бишкекте «Оймо-2026» XX эл аралык юбилейлик фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Бишкек шаарында Kулатуу WEF-Amateurs жана UWW Pankration MMA эрежелери боюнча Кыргыз Республикасынын ММА Ассоциациясынын Президентинин Кубогу аталышындагы эл аралык турнир болуп өттү.
Бишкекте 18-апрелден 19-апрелге чейин «Динамо» спорттук комплексинин базасында самбо боюнча эл аралык мелдеш өттү. Иш-чара СССРдин самбо жана дзюдо боюнча спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, экстра-класстагы эл аралык категориядагы калыс Николай Михайловдун жаркын элесине арналды. Бул тууралуу Самбо федерациясы билдирди.
Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында «Кыргызстан — Түрк киносунун күндөрү» эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чара кызыл килемден башталып, ага түрк киноиндустриясынын өкүлдөрү, кыргызстандык кинематографисттер, маданият ишмерлери жана кино сүйүүчүлөр катышты.
23-майда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн калды» аттуу электрондук тактасы салтанаттуу түрдө ачылат. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.
Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарындагы «Жаштык арена» спорттук комплексинде 7 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда профессионалдык бокс боюнча ири эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Бишкек электр тармактар ишканасы карызы бар абоненттердин электр энергиясын аралыктан массалык түрдө өчүрүү тууралуу эскертти.
27-апрелден 3-майга чейин «Номад Арена» муз айдыңында Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу астында Азия Кубогу өтөт. Бул тууралуу КРнын Хоккей федерациясы билдирди.
VI эл аралык «Наристе» балдар фольклор фестивалы 29-майдан 8-июнга чейин Бишкекте жана Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
VI эл аралык «Наристе» балдар фольклор фестивалы 29-майдан 8-июнга чейин Бишкекте жана Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Кыргызстандын борбору турак жай курулушу боюнча лидер болуп калды: 2026-жылдын алгачкы беш айында эле шаардын картасында дагы 48 жаңы турак жай комплекси пайда болгон. 2ГИС сервиси Кыргызстандын картасындагы 2025-жылдагы жана 2026-жылдын январь — май айларындагы өзгөрүүлөргө талдоо жүргүздү. Компаниянын маалыматы боюнча, бул убакыт ичинде өлкөдө 600дөн ашык турак үй курулган.
Бишкектеги «Ынтымак-2» сейил багында эртең, 13-июнда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата салтка айланган кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси өтөт.
20-июнда саат 17.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кыргыз опера искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаеванын 90 жылдыгына арналган юбилейлик кече өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында Монгол кино жумалыгынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки элдин достук байланыштарын чыңдоого багытталган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.