KӨZ News Hub
☀️ Бишкек 28° 💨 Бишкек
Солнечно
Температура: 28°C
Ощущается как: 29°C
Ветер: 25 км/ч NE
Влажность: 48%
USD 87.45 сом Доллар США
1 USD = 87.45 сом
Без изменений за день
· EUR 99.96 сом Евро
1 EUR = 99.96 сом
Без изменений за день
· RUB 1.15 сом Рубль
1 RUB = 1.15 сом
Без изменений за день
· KZT 0.1884 сом Тенге
1 KZT = 0.1884 сом
Без изменений за день
· Brent $76.01 Нефть Brent (за баррель)
Цена: $76.01
Тренд: ▼ снижение
· Алтын $4 113 Золото (за тр. унцию)
Цена: $4 113
Тренд: ▼ снижение

Результаты: Анын

Найдено 277 результатов

· 22 мая

Кыргызстанда үч айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 6 миң 621 учуру катталды

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун 6 миң 621 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 44 пайызга көп. Бул тууралуу ИИМ маалымат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн борборлоштурулган порталында келтирилген.

Кыргызстанда үч айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 6 миң 621 учуру катталды
· 22 мая

Пайдалуу кеңеш: Дарыгер аптапты кантип көтөрүү керектигин түшүндүрдү

Ысык аба ырайында кеңседе иштегенде суу балансын сактоо жана көчөдөгү аптапка салыштырмалуу өтө кескин айырмаланбаган, орточо температурадагы суусундуктарды ичүү маанилүү. Бул тууралуу «Sputnik» радиосуна медицина илимдеринин талапкери, диетолог, терапевт Римма Мойсенко эскертти.

Пайдалуу кеңеш: Дарыгер аптапты кантип көтөрүү керектигин түшүндүрдү
· 22 мая

Москвада кыргызстандык келиндин өлүмү:ТИМ сөөктү өлкөгө алып келүүгө жардамдашат

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада аянычтуу абалда киши колдуу болгон Т. Айгеримдин сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин иштеп чыгууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Москвада кыргызстандык келиндин өлүмү:ТИМ сөөктү өлкөгө алып келүүгө жардамдашат
· 22 мая

Чолпон-Атада Тажикстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи өттү

Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чолпон-Атада Тажикстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи өттү
· 21 мая

Криптовалютага алмашчу доллар: Алдамчылыкка шектүү чет өлкөлүк жаран изделүүдө

19-апрелде Б.М. аттуу жаран белгисиз чет өлкөлүк жаранга жана Д. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен жазуу түрүндө кайрылган. Бул тууралуу борбор калаанын ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Криптовалютага алмашчу доллар: Алдамчылыкка шектүү чет өлкөлүк жаран изделүүдө
· 21 мая

Old Bishkek: Бишкекте эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай ачылды

«Old Bishkek» долбоорунун алкагында Бишкектин борборундагы унаа тыгындарын азайтууга багытталган инфраструктуралык иштердин негизги этаптары аяктады. Натыйжада, Шопоков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы кайрадан жанданды.

Old Bishkek: Бишкекте эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай ачылды
· 21 мая

Британдык радиостанция жаңылыштык менен Король Карл III каза болгонун жарыялады

Британдык Radio Caroline радиостанциясы король Карл III каза болгонун жаңылыштык менен кабарлагандан кийин кечирим сурады. Бул окуя британ монархы каза болгон учурда радиостанциялар тарабынан колдонулуучу «Монарх» деп аталган протоколдун кокусунан ишке кирип кеткенинен улам келип чыккан. Станциянын жетекчиси Питер Мур протокол кокусунан активдешип кеткендиктен, Улуу даражалуу Королдун каза болгонун жаңылыш жарыялап алганын түшүндүрдү.

Британдык радиостанция жаңылыштык менен Король Карл III каза болгонун жарыялады
· 20 мая

Катуу сабашкан: Акыйкатчынын кайрылуусунан кийин кыйноо арызы боюнча иш козголду

Жеке ишкер Р.Ч. 2026-жылдын 20-апрелинде Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеванын жеке кабыл алуусунда болуп, өзүнө карата кыйноо колдонулганын айтып берди жана укуктарын коргоону суранды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Катуу сабашкан: Акыйкатчынын кайрылуусунан кийин кыйноо арызы боюнча иш козголду
· 20 мая

Россия жана Кытай сүйлөшүүлөрү: Путин менен Си Цзиньпин адегенде эмне дешти?

Владимир Путин Си Цзиньпин менен Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтында жолукту, ал жерде россиялык лидерди расмий тосуп алуу аземи өттү. Андан соң Элдик жыйындар үйүндө сүйлөшүүлөр башталды — адегенде тар чөйрөдө, кийин кеңири курамда.

Россия жана Кытай сүйлөшүүлөрү: Путин менен Си Цзиньпин адегенде эмне дешти?
· 18 мая

Чүй облусунда жайыттарга мотоцикл менен чыккан айдоочуларга айып пул салынат

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эндуро-жарыш жана башка мототехникалардын жайыттарга, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына уруксатсыз кирген учурлары катталууда. Акыркы рейддердин жүрүшүндө ондогон мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.

Чүй облусунда жайыттарга мотоцикл менен чыккан айдоочуларга айып пул салынат
· 18 мая

Улукбек Бегалы уулу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборборунун директору болду

Улукбек Бегалы уулу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборбору" мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Улукбек Бегалы уулу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборборунун директору болду
· 27 апреля

Жапаров:Ташиевдин «75 адамдын катына» тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныктайт

Президент Садыр Жапаров февраль айындагы саясий кырдаалга жана «75 адамдын каты» деп аталган окуяга байланыштуу Kaktus.media сайтына берген маегинде комментарий берди. Ал документтин Жогорку Кеңештеги жүрүшүнөн башынан эле кабардар экенин жана ага катышкандардын аракеттерин көзөмөлдөп турганын, бул ага өз убагында чара көрүүгө мүмкүндүк бергенин билдирди.

Жапаров:Ташиевдин «75 адамдын катына» тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныктайт
· 27 апреля

Балеттин жаңы жылдыздары: Кыргызстандык бийчилер Россияда сыйлыкка татыды

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисттери Россиянын Пермь шаарында өткөн «Арабеск» сынагында сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Балеттин жаңы жылдыздары: Кыргызстандык бийчилер Россияда сыйлыкка татыды