- 18 мая поступила оперативная информация о незаконной рыбалке
- задержаны жители села Жаңы-Талап Ак-Талааского района
- изъято 198 рыб вида сиг-лудога, 20 сетей, 2 лодки и другое оборудование
- назначена судебно-ихтиологическая экспертиза
18-май күнү ОИИБге Ысык-Көл облусунун жана башка аймактардын аймагында белгисиз адамдар балыкты мыйзамсыз уулоого жана сатууга тиешеси болушу мүмкүн деген ыкчам маалымат түшкөн. Бул маалымат белгиленген тартипте каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Анын жыйынтыгында, Соң-Көл көлүнүн чыгыш жээгинен балыкты мыйзамсыз уулоого аракет кылган деп шектелген жарандар кармалган. Кармалгандар Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын тургундары экени аныкталды. Алар:
Текшерүү учурунда шектүүлөрдөн 198 даана «Сиг-лудога» түрүндөгү балык, 20 даана синтетикалык балык уулоочу тор, эки үйлөмө кайык, жыгач кайык калактары, насос, кайык отургучтары, плащтар жана радиостанция табылып, алынган.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда. Соттук-ихтиологиялык экспертиза дайындалып, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн тиешелүү органдарга суроо-талаптар жөнөтүлдү.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий