Бишкекте баш кошкондорго үйлөнүү тоюнун урматына бак отургузуу сунушталууда
Бишкекте жаңы эко-долбоор старт алууда, ал жаңы үйлөнгөн жубайларга үйлөнүү тоюнан кийин үй-бүлөлүк сүрөттөрдү гана эмес, өз үй-бүлөсүнүн тирүү символун да калтырууга мүмкүнчүлүк берет. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы «GREEN AIR» компаниясы менен биргеликте «Жаңы үйлөнгөндөргө бак отургузуу» долбоорунун башталганын жарыялады.