Мектепке каттоо. Биринчи класстарда 73 миң бош орун калууда
Кыргызстанда 120 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда көрсөтүлгөн.
Кыргызстанда 120 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда көрсөтүлгөн.
Акыйкатчы институтунун мониторингинен кийин Ош шаардык мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын кезексиз жыйыны өтүп, атайын мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү.
2026-жылдын алгачкы алты айында инспекторлор Кыргызстандын суу объекттеринде 160 рейд өткөрүштү. Бул убакыттын ичинде алар 86 миң 550 метр синтетикалык балык уулоочу тор алынып, 1 миң 655 килограмм таштанды чыгарышты жана ондогон мыйзам бузууларды аныкташты.
Баткен облусунун Арка-2 районундагы «Мал-Базар» тилкесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Тажикстан аймагында жүргөн белгисиз жаран Кыргызстан аймагына чоң сумка ыргытып, андан соң чектеш аймактын ичин көздөй из жашырып качканын байкашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.
Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын курулушу аяктады. Анын жыйынтыгында 3,5 миңге чукул тургун таза ичүүчү сууга жеткенин президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жаш өткөн сайын организм азыктандыруучу заттарды башкача сиңире баштайт, ошондуктан 60 жаштан кийин витаминдердин жетишсиздик коркунучу байкалаарлык жогорулайт. Бул тууралуу дарыгерлер менен диетологдордун пикирине шилтеме берүү менен Германиянын «T-Online» порталы билдирди.
Бишкекте өрттөнүп кеткен «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борбордун курулушу уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жол кирени накталай эмес төлөө тутумуна өтүүгө байланыштуу № 2 ДЕПОнун аймагында муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушту.
2021-жылдан 2025-жылга чейин Ирак менен Сириядан Кыргызстанга 551 жаран кайтарылган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Нью-Йоркто өткөн БУУнун Терроризмге каршы төртүнчү жумалыгында билдирди.
Кыргызстан президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 104 «Үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2026-жылдын 1-июлунан тарта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Түндүк» ААК менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынан үч жашка чейинки балдарга берилүүчү «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулуна арыздарды кабыл ала баштады.
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Магжан Жумабаевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Күнөө» спектаклинин бет ачарын өткөрүп, аны менен 54-театралдык сезонун жыйынтыктады. Бул тууралуу театрдан билдиришти.
Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо уюмдары өлкөдө жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленүүчү Медицина кызматкеринин күнүнө карата 100 санитардык унаа алышат.
Кыргызстанда жайкы электр энергиясын керектөөнүн рекорддук көрсөткүчү катталды. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын маалыматы боюнча 29-июнда өлкөнүн энергетикалык тутумунда суткалык электр энергиясын керектөө 47 миллион 112 миң киловатт-саатка жетти.
Кыргызстан жумуртка өндүрүү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында алдыга чыкты. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанда жумуртка өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,7 пайызга өскөн.
Кыргызстанда 117 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.
2025-жылы Кыргызстанга түз инвестициялар 27 пайыздан ашык өсүп, 1,3 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн ШКУнун бизнес-форумунда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров билдирди.
Бишкекте аталган тармактын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн Кыргыз маркетинг ассоциациясынын мүчөлөрүнүн биринчи жыйыны өттү.
Зергерчилик секторун колдоо келечекте 100 миңге жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Кыргызстандын Зергерлер ассоциациясынын башкы директору Азамат Макешев билдирди.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн босого упайы 2026-жылы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.