ЖРТнын катышуучуларынын 67 пайыздан ашыгы 110 баллдык босогодон өттү
Быйылкы Жалпы республикалык тестирүүнүн катышуучуларынын 67,2 пайызы салтка айланган 110 баллдык босогодон өттү. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.