Дүйнө чемпионаты −2026: Өзбекстанда жумуш күнү бир саатка жылдырылды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев улуттук курама команданын футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы тарыхый беттешине байланыштуу бүгүн, 18-июнда жумуш күнүнүн башталышын жылдырууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.