«Кыргызстандарт» модернизировал 6 испытательных лабораторий в рамках интеграции в ЕАЭС
В рамках пресс-тура для журналистов 29 мая была представлена испытательная база Центра по стандартизации и метрологии при Министерстве эко.....
В рамках пресс-тура для журналистов 29 мая была представлена испытательная база Центра по стандартизации и метрологии при Министерстве эко.....
Бишкекский центр испытаний, сертификации и метрологии прошел международную аккредитацию у узбекской национальной аккредитации на соответствие международным стандартам ISO 22000 (система безопасности пищевой продукции) и ISO 9001 (система менеджмента качества). Об этом на пресс-конференции сообщила начальник управления подтверждения соответствия «Кыргызстандарта» Аспира Калиева.
Тышкы иштер министрлиги жогорку айлык сунуштаган шылуундар кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө баңгизат таратууга алдап тартып жатканын билдирди.
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майда Меккеге жолго чыгат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук госпиталда «Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында кытайлык адистердин гуманитардык офтальмологиялык миссиясы аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Америка тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулунун Америка Кошмо Штаттарынын КРдагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Кейт Коллинз менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Быйыл күзүндө кыргызстандыктарды пенсиянын жогорулашы күтөт. Бул тууралуу «Биринчи радио» берүүсүндө Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
2026-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстандагы турак жай курулушунун көлөмү бир топ өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, жалпы аянты 484 миң 200 чарчы метр болгон 4461 турак жай пайдаланууга берилген. Бул 2025-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 15,6 пайызга жогору.
2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан жалпы суммасы 37,3 миллион сомду же 426,6 миң долларды түзгөн 152,8 тонна бал экспорттолду. Бул көрсөткүч тышкы рыноктордо ата мекендик балга болгон суроо-талаптын өсүп жатканынан жана кыргызстандык аарычылардын экспорттук дараметинин кеңейгенинен кабар берет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин наамына Кыргызстандагы мектептердин окуу режимин өзгөртпөө өтүнүчү менен кат даярдады.
Хорватиялык жаш таланттуу математиктер ассоциациясы уюштурган эл аралык European Mathematical Cup (Европалык математикалык кубок) олимпиадасында Кыргызстандан катышкан окуучулар үч коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.
Кыргызстандын жаштар курама командасынын (U-20) 2027-жылдагы Азия Кубогунун тандап алуу турнириндеги атаандаштары белгилүү болду.
Жалпы статистикага ылайык, Орусия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын саны жылдан-жылга кыскаруу тенденциясын көрсөтүүдө. Бул тууралуу брифингде КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов билдирди.
27-31-майда Бишкекте «Оймо-2026» XX эл аралык юбилейлик фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Бүгүн Кыргызстандын мусулмандары эң маанилүү майрамдардын бири — Курман айтты белгилеп жатат. Бул күн элдин ынтымагын бекемдеп, боорукерликти, берешендикти жана өз ара жардамдашууну даңазалайт.