Азиза Абдирасулова күбө катары суракка чакырылды
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Жалал-Абад ОИИБнен билдиришти.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Жалал-Абад ОИИБнен билдиришти.
Ысык-Көлдө жана Кыргызстандын башка туристтик аймактарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн Бирдиктүү коопсуздук кызматынын бөлүмдөрүнүн гарнизондук саптык кароосунда белгилүү болду.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков күч жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жеке ишкер Р.Ч. 2026-жылдын 20-апрелинде Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеванын жеке кабыл алуусунда болуп, өзүнө карата кыйноо колдонулганын айтып берди жана укуктарын коргоону суранды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды белгилүү болгон бардык коррупция фактылары тууралуу 1966 ишеним телефону аркылуу кабарлоого чакырды.
Манас шаарында Daewoo Tico унаасынын айдоочусунун өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынан кийин кармалган BMW X5 унаасынын 17 жаштагы айдоочусунун достору видеокайрылуу жазышып, такталбаган маалыматтарды таратпоону суранышты.
Кыргызстанда алдамчылар жарандарды алдоо үчүн колдонгон SIM-карталарды активдештирип жана аккаунттарды сатып жүргөн жаран кармалды.
УКМКнын кызматкерлери «Катиба аль-Таухид валь-Джихад» жана «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмдарынын активдүү мүчөлөрүн зыянсыздандыруу боюнча атайын операция өткөрүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирет.
Москвада кыргызстандык аялдын мыкачылык менен өлтүрүлүшү боюнча Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө берди.
Бүгүн, 19-майда Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегациясы расмий сапар менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев TikTok’тун Борбор Азия боюнча өкүлү менен жолугушуп, анда Кыргызстанда аталган социалдык тармакты бөгөттөн чыгаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулаганын билдирди.
Ош шаарында бир нече коомдук тамактануучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Рейд учурунда комиссия санитардык талаптардын бузулушун жана продукциянын сапатын тастыктаган документтердин жоктугун аныктаган.
КР Эсептөө палатасы 2025-жылдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча «Кыргызнефтегаз» ААКында дээрлик бир миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталганын маалымдады.
Баткен облусунда милиция кызматкерлери балдар үйүнүн 11 жаштагы тарбиялануучусунун өлүмү боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук ИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.
УКМК Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында иштеп жаткан баңгизаттарды ташуунун жана сатуунун ири каналына бөгөт койду. Атайын операциянын жүрүшүндө 10 килограммдан ашык тыюу салынган заттар алынып, шектүүлөр кармалды.
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кытай Эл Республикасынын Синьцзинь-Уйгур автономиялуу районунун Или-Казак автономиялуу округуна караштуу Кулжа шаарында жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2003-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны О. К. каза болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкерлери мамлекеттик чек ара аркылуу малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигине заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган 370 даана жаңы кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине катышты.
Бишкекте милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузгандыгы үчүн үч чет элдик жаранды кармашты. Учурда аларды Кыргызстандан чыгаруу маселеси каралууда.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баалоосу боюнча, Кыргызстанда тамеки колдонуудан келип чыккан оорулардын айынан жыл сайын 30 жаштан жогорку курактагы 6 миңден ашык адам каза болот. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда өткөн маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.