- Соглашение между Кыргызстаном и Словенией о взаимной отмене виз для владельцев дипломатических паспортов вступило в силу 1 мая 2026 года.
- Аналогичное соглашение с Оманом вступит в силу 28 мая текущего года.
- Безвизовый режим распространяется на владельцев дипломатических и служебных паспортов для въезда, выезда, транзита и временного пребывания до 90 дней в течение 180 дней.
Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, КР Министрлер Кабинети менен Словения Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу 2026-жылдын 1-майында күчүнө кирди.
Оман Султандыгынын Өкмөтү менен кол коюлган ушундай эле документ үстүбүздөгү жылдын 28-майында күчүнө кирет.
Бул документтер Кыргыз Республикасынын жана Словения Республикасынын дипломатиялык паспортторунун ээлери болгон жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Оман Султандыгынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу, транзит аркылуу өтүү жана убактылуу болуу үчүн визалык талаптардан бошотууну караштырат. Бул мөөнөт 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейинки убакытты түзөт.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий