Бул автобустар 10 метрлик автобустар өтө албаган жаңы конуштарда каттайт.

Борбор калаанын бардык төрт району боюнча кошумча 23 жаңы каттам ачылат.

Мурда вице-мэр Рамиз Алиев билдиргендей, автобустар жыл аягына чейин этап-этабы менен келип турат. Ал эми биринчи партиялары окуу жылынын башталышына карата күтүлүүдө. Транспорт каражаттарынын баасы андагы кондиционердин, видеокамералардын болушуна жана унаанын маркасына жараша болот.