Адис алма организмден ашыкча холестеринди чыгарууга жардам берерин белгиледи. Мындан тышкары, алар аз калориялуу болгондуктан, көп өлчөмдө жесе дагы дене түзүлүшкө зыян келтирбейт.

«Бирок алманын кычкыл сорттору зарнаны пайда кылып, ашказан-ичеги трактынын ооруларын, гастритти жана язваны күчөтүп жибериши мүмкүн экенин унутпоо керек. Этият болуу зарыл. Эгерде адамда бактериялардын ашыкча көбөйүү синдрому болсо, анда алма микрофлоранын андан бетер паталогиялык өсүшүнө түрткү болуп, ичтин көбүшүн, газ чогулуусун жана дискомфортту жаратат. Ошондой эле, мисалы, кайыңга же анын чаңчасына аллергиясы бар адамдарда аллергиялык реакция пайда болушу мүмкүн», — деп түшүндүрдү эксперт.

Поляков кошумчалагандай, алманын курамындагы органикалык кислоталар тиштин эмалын дүүлүктүрүшү мүмкүн.