«Кара кызыл сары» тасмасы ШКУ кинофестивалынын баш байгесин жеңип алды
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биринчи Эл аралык кинофестивалынын башкы сыйлыгын кыргызстандык «Кара кызыл сары» (Black, Red, Yellow) тасмасы багындырды. Гран-при ээсин жабылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жарыялады.