Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Максат Алымбеков ант берди
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Максат Алымбеков бүгүн, 20-майдагы парламенттин жыйынында ант берди.
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Максат Алымбеков бүгүн, 20-майдагы парламенттин жыйынында ант берди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын күчүнө киргендиги тууралуу маалымдайт.
Быйыл күзүндө кыргызстандыктарды пенсиянын жогорулашы күтөт. Бул тууралуу «Биринчи радио» берүүсүндө Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Бүгүн, 20-майда Агартуу министрлиги ата-энелер үчүн «Доор өзгөрткөн билим» аттуу ачык диалог өткөрөт. Бул тууралуу мекемеден билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигине заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган 370 даана жаңы кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине катышты.
Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасын колдоо максатында күйөрмандардын масштабдуу жүрүшү өттү. Жүздөгөн күйөрмандар «Үч улуттун кубогу» турниринин алдында командага дем-күч берүү үчүн чогулушту. Бул тууралуу Кыргыз футболбиримдигинен билдиришти.
Орусиялык актёр Сергей Безруков Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган «Айтматов» көркөм тасмасына катыша турганын билдирди.
Атактуу футболчу Криштиану Роналду алгачкы жолу Сауд Арабиясынын чемпиону болду. «Аль-Наср» клубу акыркы турунда «Дамак» клубун 4:1 эсебинде жеңди.
Май айында борбор калаанын райондорунда уюштурулган ачык жолугушууларга Бишкектин 2,5 миңден ашык тургуну мэр Айбек Жунушалиев менен жолугушууга келди. Бул тууралуу шаар башчысы «Биринчи радио» түз эфиринде билдирди.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада аянычтуу абалда киши колдуу болгон Т. Айгеримдин сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин иштеп чыгууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Сыргакбек Джапаркулов Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын директору болуп дайындалды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтүн узартып, 16-июлга чейин тергөө абагында калтырды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, айлыгынан улуттук пенсиялык тутумга чегерүүлөр кармалып турган Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышат. Бул тууралуу «Биринчи радио» угуусунда Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Салкын Сарногоева Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге бүгүн Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Легендарлуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор карьерасын кайрадан жандандырды. Ал Лас-Вегаста өтүүчү UFC 329 турниринде Макс Холлоуэй менен беттешет. Бул тууралуу промоушендин президенти Дана Уайт расмий түрдө билдирди.
Президент Садыр Жапаров акыркы саясий кырдаал боюнча Kaktus.media сайтына маек куруп, анда бир аз күн мурда жасаган Россияга сапары тууралуу да айтты.
2026-жылы жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйынында Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Эми билим алууну каржылоо мурдагыдан да жеңил. DemirBank 0 пайыз билим берүү насыясын сунуштайт — комиссиясыз жана жашыруун төлөмдөрсүз.
Кыргызстандын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер (курсанттар) арасында Президенттик стипендияны алуу үчүн талапкерлерди тандоо максатында документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.
Turmush — В городе Кара-Куль 22 мая состоялся городской конкурс «Лучший ученик года — 2026». Главная цель конкурса — определить уровень знаний учащихся, их творческие способности, лидерские качества и общественную активность, а также поддержать и вдохновить талантливых школьников. В конкурсе приняли участие лучшие ученики городских школ. Они показали свой интеллектуальный уровень, творческий потенциал и разносторонние способности. Участники соревновались в нескольких этапах: самопрезентация, ...