Бишкектеги эл аралык көргөзмөгө алты өлкөдөн 90дон ашык компания катышууда
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ala-Too Trade & Industry Expo» биринчи эл аралык соода-өнөр жай көргөзмөсүнө барды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ala-Too Trade & Industry Expo» биринчи эл аралык соода-өнөр жай көргөзмөсүнө барды.
2026-жылдын 5-июнунда «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКсы мамлекеттик каттоодон өткөнүнө эки жыл толгонун белгилейт.
Энергетика тармагын модернизациялоо жана өлкөнүн инфраструктуралык потенциалын чыңдоо боюнча иш-чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырылууда. Бул иштердин алкагында 41 бирдик атайын техниканы расмий тапшыруу аземи өттү.
Кыргызстандын мектептерин оңдоого 2026-жылы 404 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештинин жыйынында депутат Бакыт Чойбеков билдирди.
Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкерлери мамлекеттик чек ара аркылуу малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 25-майда Иркутск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 58-жыйынына катышты.
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Бишкекте ФИФАнын июнь айындагы күндөрүнүн алкагында өтө турган «Үч улуттун кубогу» эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги өлкөдөгү өзгөчө макамга ээ болгон 5 мамлекеттик жогорку окуу жай менен «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун алкагында субкредиттик келишимдерге кол койду. Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Салкын Сарногоева Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге бүгүн Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстандын мектептеринде 900гө жакын мугалим жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Бүгүн, 3-июнда саат 12:58де очогунда күчү 5 баллга жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кытай Эл Республикасынын Синьцзинь-Уйгур автономиялуу районунун Или-Казак автономиялуу округуна караштуу Кулжа шаарында жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2003-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны О. К. каза болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу аземге катышты.
Кытай менен Россия Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүндө 58,2 пайызды түзөт. Бул тууралуу маалыматтар Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча отчетунда камтылган.
БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасынын «Чек ара талаш-тартыштарын тынчтык жолу менен чечүү» резолюциясын консенсус менен кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Эл аралык дзюдо федерациясынын сүрөтү. Кыргызстандын курама командасы
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, делегациянын АКШнын Вашингтон шаарына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы, ошондой эле жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү каралды.
Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдөгү жол инфраструктурасынын рекорддук темп менен өнүгүп жаткандыгын билдирди.
Кыргызстандын Улуттук курама командасы июнь айындагы ФИФА күндөрүнүн алкагында Палестинанын улуттук курама командасына каршы эки эл аралык жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.