Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, шаттл-автобустар Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан атайын аныкталган 21 жерден каттайт.

Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап, ошол жерден шаттл-автобуска отуруп, «Бишкек Аренага» жете алышат.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;

2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);

3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);

4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);

5. «Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;

6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);

7. «Тунгуч» кинотеатры, 64/1 (Тунгуч кичи району);

9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);

10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушунда);

12. Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);

13. Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);

14. Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);

15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);

16. Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЕПО-2);

18. Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;

19. Гагарин көчөсү, 284 — Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;

20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);

Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр "Бишкек Арена«стадионунан жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга тиешелүү багыттар боюнча кайра каттаган шаттл-автобустарды пайдалана алышат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна каттамын алдын ала пландап, өздөрү үчүн эң ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап алууну сунуштайт.

Мындан тышкары, шаттл-автобустардын жөнөө пункттары жана каттамдары тууралуу маалымат менен «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинен таанышып, транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөөгө болот.