Анын ичинде Баткен облусунда 4, Нарын облусунда — 6, Чүй облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 8, Ош облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 2 жана Талас облусунда — 18 кооператив түзүлдү.

Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 418 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүнүн 2023—2027-жылдарга каралган программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Негизги максат — майда айылдык товар өндүрүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде кооперативдерге бириктирүү жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.