Жасалма интеллекттин өнүгүшү менен кээ бир кесиптер жок болуп кетиши мүмкүн
Жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланыштуу Кыргызстандагы кээ бир кесиптер жок болуп кетиши же трансформацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу мектеп окуучулары менен болгон жолугушууда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев билдирди.