Минкаб 23 ардак наамдарды бекитти. Аларды кимдер ала алат?
Министрлер кабинети өзүнүн ведомстволук ардак наамдарын уюштуруу тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Министрлер кабинети өзүнүн ведомстволук ардак наамдарын уюштуруу тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ош шаарында жарым жыл ичинде салыктык түшүүлөр 43 пайызга өсүп, жергиликтүү бюджеттин өсүшүнүн негизги бөлүгүн түздү. Бул тууралуу шаардын мэри Жанарбек Акаев салык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Министрлер кабинети «2030-жылга чейин Кыргызстандын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтом кабыл алды.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» (UCLG) бүткүл дүйнөлүк уюмунун вице-президенти болуп шайланды. Мындай чечим 25-июнда Танжер шаарында (Марокко) өткөн уюмдун кезектеги конгрессинде бир добуштан кабыл алынды.
Парламент кремацияга уруксат берүүнү 2040-жылга чейин убактылуу токтотууну жактырды. Мындай чечим бүгүн, 25-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында «Сөөктү көмүү жана жасалган иштер жөнүндө» мыйзамдын 24-беренесинин ишин убактылуу токтотуу тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулоодо кабыл алынды.
Диетолог-нутрициолог София Кованова «АиФ-Москва» басылмасына берген маегинде ашыкча салмакка алып келе турган нандын эң зыяндуу түрлөрүн атады.
Кыргызстанда кызмат көрсөтүү, эс алуу жана көңүл ачуу сектору интенсивдүү өнүгүү мезгилин баштан кечирүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь — май айларында мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын жалпы көлөмү 23 миллиард 115,1 миллион сомго жетти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын кабыл алып, шаарды сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелерин талкуулады.
11-июлда Чоң-Кеминдин Шабдан айылындагы ипподромдо ак илбирсти коргоого арналган «Ак илбирс экофест Чоң-Кемин 2026» фестивалы өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Бишкекте «Howo» маркасындагы бетон аралаштыруучу жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Кырсык Аалы Токомбаев көчөсүндө, Куттубаев көчөсүнөн болжол менен 200 метрдей аралыкта кечээ, саат 15:00 чамасында болгон.
Чолпон-Ата шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумунун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан форумдун резолюциясы кабыл алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен Албаниянын башчысы Байрам Бегайды расмий тосуп алуу аземи өттү.
Армениянын азыркы премьер-министри Никол Пашиняндын партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, өкмөттү жалгыз өзү курайт. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыктарды чыгарды.
«Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл аймагынын деңиз деңгээлинен 4 миң 234 метр бийиктикте жайгашкан тоо чокусуна «Ормон Хан» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ак-Суу районунда өзүн өрттөп каза болгон аялдын артында калган төрт баланын укуктарынын корголушун жеке көзөмөлүнө алууну улантууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз коомчулугу оор жоготууга учурады. Коомдук жана мамлекеттик көрүнүктүү ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, милициянын генерал-лейтенанты Абдылдаев Мыктыбек Юсупович 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парламенттик шайлоодо өзүнүн «Жарандык келишим» партиясы жеңгенин жарыялады. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын добуштарынын 20 пайызга жетпегени иштелип чыкты.
2026-жылдын 5-июнунда «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКсы мамлекеттик каттоодон өткөнүнө эки жыл толгонун белгилейт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ala-Too Trade & Industry Expo» биринчи эл аралык соода-өнөр жай көргөзмөсүнө барды.